Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Сыргабаев АКШнын мушкери Монсонду жеңди


Кыргызстандык Замирбек Сыргабаев АКШнын мушкери Жефф Монсонду жеңди. “Жаш-Күч” клубунун биринчи чемпионатында эки мушкер 5 мүнөттөн үч раунд мушташты. Калыстардын бирдиктүү чечими менен жыйынтыгында жеңиш Замирбек Сыргабаевге ыйгарылды.

Монсон эрежесиз эр уруш боюнча 79 жолу мушташып, анын 55ин жеңген. Замирбек Сыргабаев эл аралык класстагы спорттун чебери гана болбостон, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин учурдагы депутаты.

Жалпысынан кечээ 13 жуп мушташса, анын ичинен эки жуп JFC куру үчүн кармашты. Кыргызстандык мушкерлердин 11 жеңип, 1 мушкер жеңилип калса, дагы бир спортчу атаандашы менен тең чыкты. (SDz)

XS
SM
MD
LG