Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Жумгалда окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иш козголо элек


Жумгалда окуучунун өлүмүнө алып келген окуя боюнча кылмыш иш азырынча козголо элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук милициясынын маалымат катчысы Медина Султаналиева билдирди. Анын айтымында, маселе соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына жараша чечилет.

Кылмышка шектүү катары да эч ким камакка алына элек.

Кечээ, 19-сентябрда Жумгалдын Көк-Ой айылында 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек мерт болгон. Милициянын версиясы боюнча, аны 11-класстын окуучусу Таалайбек уулу Жайылбек мектепке ак көйнөк кийип келбегени үчүн төшкө чаап жибергенде ошол жерден мерт кеткен.

Бирок айрым маалымат каражаттары 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын балдарын мектептин жертөлөсүнө алып кирип, салык салганын, Жекшенбек уулу Эркинбек Таалайбек уулу Жайылбектин жүрөк тушуна катуу урган соккусунан үзүлгөнүн жазып жатышат. (MiK/RK)

XS
SM
MD
LG