Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:43

Рим Папасы АКШ менен Кубаны ортодогу мамилени оңдоого чакырды


Рим Папасы Франциск төрт күндүк сапар менен Кубага барды. Ишемби күнү Гаванада сүйлөп жатып ал АКШ жана Куба жетекчилигин эки өлкө ортосундагы мамилени оңдоого чакырды. Папа Гавана менен Вашингтон кызматташтыкты жакшырта башташын "элдешүүнүн бүткүл дүйнөгө өрнөк болчу мисалы" деп атап келет.

11 миллион калкы бар Кубанын 7 миллионго жакын тургуну католик.

Ватикан башчысынын келишине карата Гаванадагы айрым жолдор оңдолуп, кафедралдык собор реставрацияланды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG