Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

«Кыргызстандагы туризм» статистикалык жыйнагы чыкты


«Кыргызстандагы туризм» статистикалык жыйнагы басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Орус жана кыргыз тилдеринде жарык көргөн жыйнакта бир катар мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2014-жылы Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшү жөнүндө маалымат бар.

Ошондой эле ички жана эл аралык туристтик агымдар, ресурстар, туризм үчүн товар өндүрүү жана тейлөөнүн көлөмү, баалар, инвестициялар жөнүндө маалымат камтылды.

Кыргызстан экологиялык жактан таза өлкө катары туризм үчүн ыңгайлуу экени айтылып келет. Бирок тейлөө сапаты жакшырбай жатканын адистер бул тармактын жакшы өнүгүүсүнө тоскоолдук деп атоодо.

Ысык-Көлгө быйыл 3 миллион эс алуучу келгени расмий кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG