Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Конституциялык палатанын статистикалык базасы түзүлүүдө


Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын статистикалык отчеттуулук боюнча өз алдынча системасы түзүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен учурда атайын долбоор ишке ашырылууда. Келечекте палатанын системасы жалпы улуттук статистикага интеграцияланат.

Долбоордун максаты - Конституциялык палатанын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, конституциялык сот адилеттигинин абалын көрсөтүп, ага баа берүү, коомчулукка тааныштыруу.

Конституциялык палата мыйзамдардын жана башка укук-ченемдик актылардын, эл аралык келишимдерге кошулуу документтеринин Башмыйзамга шайкештигин көзөмөлдөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG