Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

КУУда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган жыйын өттү


Кыргыз улуттук университетинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган “Кыргыз жана Карахандар каганаттары: Куттуу билим жана мамлекет” аттуу IV эл аралык илимий-практикалык жыйын өттү. Иш-чара 18-сентябрда өткөнүн бүгүн "Азаттыкка" аталган университеттен кабарлашты.

Президенттик аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин конференциянын катышуучуларына жана меймандарына жолдогон куттуктоосун окуп берди. Анда Евразиянын белгилүү илимпоздору кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө байланыштуу соңку илимий табылгаларын ортого салып, кеңири коомчулукка жарыялап жаткандыгы жакшы саамалык экени айтылат.

Келерки жылы кыргыз жергесинде туулуп өскөн даңазалуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет.​

Конференцияны "Мурас" фондунун башкармалыгынын төрагасы, "Кыргыз тарых коому" эл аралык коомдук фондунун президенти, КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин алып барды.

Кыргыз, Карахандар каганаттарынын, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхы, этнографиясы, маданияты жана фольклору тууралуу алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген белгилүү окумуштуулар айтып беришти.

Жыйын президент Алмазбек Атамбаевдин быйылкы жылдын 13-майындагы “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө” жарлыгына ылайык уюштурулду. (RK)

XS
SM
MD
LG