Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Австрияга дагы миңдеген мигрант кирди


Австрия -Венгрия чек арасына топтолгон мигранттар. 14-сентябрь, 2015-жыл.

Австрия -Венгрия чек арасына топтолгон мигранттар. 14-сентябрь, 2015-жыл.

Австрия полициясы бүгүн билдиргендей, Венгрия менен чек арадан алардын аймагына 19-сентябрда 11 000, 20-сентябрда 4700 мигрант кирди. "Кызыл чырым" уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, алардын эки миңдейи Германияны көздөй жол тартышты.

Мигранттар менен качкындардын жоон тобу соңку бир нече күндөн бери Европанын түштүк-чыгышында камалып турушкан.

Мигранттардын Батыш Европаны көздөй жолун оболу Венгрия Сербия менен чек арасына тосмо орнотуу аркылуу тороду. Венгриянын бул чарасы өз кезегинде 20 миңдей мигранттын Хорватияны көздөй агылышын шарттады. Алардын баарын киргизе албаган Хорватия да Сербия менен чек арасын жаап, аларды кайра Венгриянын чек арасын көздөй жөнөтө баштаган.

Мигранттар шыкалып түшкөн автобустар менен поезддерди Венгриянын тийиштүү кызматтары Австриянын чек арасына чейин коштоп келишти.

Бул аралыкта Грециянын жээк кызматы билдиргендей, ал бүгүн деңизден 20 мигрантты тик учактар менен куткарууга үлгүрдү. Аман калгандардын айтымында, чөгүп кеткен кайыкта дагы 26 адам бар болчу. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG