Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Грекиядагы шайлоодо “Сириза” партиясы алдыга чыкты


Жекшембидеги кезексиз парламенттик шайлоодо мурдагы премьер-министр Алексис Ципрастын солчул “Сириза” партиясы алдыга чыкты.

Бирок, 300 орундуу парламенттен ала турган мандаттарынын саны өкмөттү өз алдынча куруу үчүн жетишсиз болот.

Ички иштер министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, “Сириза” 35%, андан кийинки орунда 28% добуш менен консервативдик “Жаңы демократия” партиясы келе жатат.

Үчүнчү орунду 7,1 добуш менен ашынган улутчул “Алтын шоола” партиясы алары күтүлүүдө.

20-сентябрдагы шайлоодо добуш берүү үчүн Грециянын 9,2 миллион жараны катталган.

“Сириза” партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Алексис Ципрас эл аралык кредиторлор менен бир нече айга созулган оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматтан өткөн айда расмий чегинип, мөөнөтсүз шайлоо жарыялаган болчу.

Ал кредиторлордон дагы 86 миллиард евро насыя алыш үчүн үнөмдөө чараларына барганы партиясынын ичинде нааразылыктарды жараткан.

Ципрас өзү анда кредиторлордун шартына көнүп, салыкты көбөйтүп, чыгымды азайтуудан башка арга калбаганын моюнга алган.

Быйыл жыл башында бийликке келгенде Ципрас өлкөнү карыздан куткаруу үчүн кредиторлор менен түзүлгөн буга чейин эки макулдашуунун шарттарын жокко чыгарууну убада кылган.

Бирок, 2010-жылдан берин миллиарддаган доллар карызын кайра эле карыз алып жаап жаткан грек өкмөтү үчүнчү макулдашууга барбаса банкрот болмок, бул өз кезегинде өлкө Европанын бирдиктүү валюта системасынан чыгышына алып бармак. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG