Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Грекияда парламенттик шайлоонун добуштары саналууда


Алдын ала маалыматтар боюнча, добуштардын 60% саналып бүттү. Ага ылайык, учурда бийликте турган солчул "Сириза" коалициясы 35% добушка ээ болду. Ал эми "Жаңы демократия" партиясы 28% добуш алганы айтылууда.

20-сентябрда Грекияда болуп өткөн парламенттик шайлоонун экзит-полл жыйынтыгы боюнча да бийликтеги "Сириза" коалициясы арбын добушка ээ болууда. Экзит поллдун жекшемби кечки саат тогуздагы эсеби боюнча, коалиция парламенттеги 300 орундун 144үнө ээ болот, ал эми анын негизги атаандаштары “Жаңы демократия” партиясы 75 орун алат деп болжолдонгон.

Жекшембиде "Сириза" башындагы Алексис Ципрас бул шайлоодо грек жарандары анын өкмөтү баштаган ишти аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деген ишеничин билдирген болчу.

28-августта Грекиянын президенти Прокопис Павлопулос парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган. 20-августта "Сириза" партиясынын башчысы Алексис Ципрас премьер-министрлик кызматын тапшырган.

XS
SM
MD
LG