Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 100 миң жумушчу орун түзөт


Булар фонд тарабынан каржылануучу долбоорлор аркылуу ишке ашырылмакчы. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалык төрайымы Нурсулуу Ахмедова журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, фонддо долбоорлорду каржылоодо негизги артыкчылык айыл чарба тармагына берилет. Андан кийин жеңил өнөр жай турат. Бул тармактарды өнүктүрүү менен Кыргызстанда 100 миң жумушчу орун түзүлөрүн Ахмедова ырастады.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргызстанга ЕАЭБге кирүү шартында колдоо көрсөтүү максатында 12% үстөк менен насыя акча берилүүдө. Каражат эки багытта бөлүнөт. Кардарлар 3 млн. долларга чейинки өлчөмдөгү насыяны "РСК" жана "Айыл банк" аркылуу алса болот. Эгер 3 млн. доллардан көп өлчөмдө алгысы келсе, анда фонддун өзүнө кайрылуусу керек.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы кору 1 млрд. доллар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG