Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


Чек ара кызматынан маалымдашкандай, кытай тараптын демилгеси менен Курман айт жана Кытайдын улуттук күз майрамын белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү пункттары 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин жабылат.

Чек ара кайрадан 29-сентябрда ачылып, кадимки режимде иштей баштайт. Буга чейин кыргыз-кытай чек арасы 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин жабылган эле. Анда Кытай Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилеген болчу. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG