Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Токтогулда суу былтыркыдан миллиард кубметрге көп


"Токтогул" көлүндөгү суунун көлөмү 21-сентябрга карата 12 млрд. 892 млн. кубметрди түздү. Былтыр ушул маалда 11 млрд. 943 млн. кубметр болчу. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2012-жылы суу 17 млрд. 471 млн. метр кубга дейре жеткен.

Буга чейин энергетика министрлиги 1-октябрга чейин "Токтогулга" 13 млрд. метр куб суу толот деп ишендирип келишкен. Аталган көлөм кышында элди үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого жетмек. (UEz)

XS
SM
MD
LG