Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Керри менен Штайнмайер Сирия кризисин талкуулады


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер, Берлин, 20-сентябрь, 2015-жыл

АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер, Берлин, 20-сентябрь, 2015-жыл

Германиянын тышкы иштер министри менен АКШнын мамлекеттик катчысы Европадагы качкындар кризисин чечүү жана Сириядагы согушту токтотуу боюнча өз өлкөлөрүнүн аракетин күчөтөт.

Бул тууралуу 20-сентябрда АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин Берлиндеги жолугушуусунда талкууланды.

Штайнмайер Сириядагы зордук-зомбулукту токтотуу алардын “саясий жана моралдык милдети” экенин айткан.

Өз кезегинде Керри АКШ быйыл сириялык 70 миң качкынды кабыл алганын, ушул жылы октябрга чейин дагы 15 миң адамды кабыл алышаарын билдирди. Германия болсо бир миллион адамга чейин качкындарды кабыл алууга даяр экенин айтып келүүдө.

Штайнмайер жолугушууда Керринин Сирия кризиси боюнча Москва менен кызматташтыгын кубаттады жана ал кризисти чечүү үчүн Иран менен Сауд Арабияны тартуу зарылдыгын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG