Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Крым татарлары “экономикалык блокаданы” улантууда


Крым жарым аралына кире албай турган фуралар. Украина, 20-сентябрь, 2015-жыл
Крым жарым аралына кире албай турган фуралар. Украина, 20-сентябрь, 2015-жыл

Кечээтен бери Украинанын аймагынан Крымга алып барган жолдор азык-түлүк ташыган унаалар үчүн жабык турат. Ошол эле кезде жеңил машинелер жана жүргүнчү ташыгандар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Украинадагы крым татарлары Чонгар, Чаплинка жана Каланчак өткөрмө бекеттерин жүк ташуучу машиналар жана фуралар үчүн 20-сентябрда жапкан. Алар муну жарым аралдын орусиячыл бийликтери тарабынан крым татарларынын уктары бузулуп жатканына нааразылык билдирүү максатында уюштурууда. Мөөнөтсүз бул акциянын башында Крым татарларынын межлиси менен "Оңчул сектор" турууда.

"Биздин максат Крымды оккупациялоону токтотуу жана Украинанын бүтүндүгүн калыбына келтирүү" деди акциянын уюштуруучуларынын бири, крым татарларынын бозгундагы лидери Рефат Чубаров.

Крым татарлары 1944-жылы Иосиф Сталин тарабынан Борбор Азияга күчтөп көчүрүлгөн жана алар 1988-жылдан кийин гана тарыхый мекенине келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Жарым аралдагы 300 миңдей татарлардын көпчүлүгү былтыр Орусиянын Крымды өзүнө каратып алуусуна каршы болушкан. Алардын ичинен 10 миңдей киши куугунтуктан улам Украинанын башка аймактарына бозгун болуп жүрөт.

Крымдын башчысы Сергей Аксенов жарым аралдын жашоочулары 5 гана пайыз азык-түлүктү Украинадан алаарын, андыктан "экономикалык блокаданын" кесепети болбой турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG