Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Кыргызстанда 2 миңге жакын адам экстремисттер эсебинде турат


Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, ушул тапта укук коргоо органдарынын каттосунда 1 миң 777 киши экстремист катары каттоодо турат. Алардын ичинен 1386 киши "Хизбут-Тахрир" уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү болуп саналат.

Ал эми диний экстремизм жана террорчулукка айыпталган 106 адам өлкөдөгү абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча, Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Кыргызстандан 350дөн ашык киши кеткен. Бирок адистер расмий эмес маалыматтар боюнча кеткендердин саны миңдин тегерегинде болушу мүмкүн экендигин билдирип келишет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG