Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:34

Кыргыз-казак соода жүгүртүүсү 7 айда 73 млн. долларга кыскарды


Кыргызстандын Казакстан менен болгон соодасы жети айда 13,7 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Былтыр эки өлкөнүн товар алмашуусу 514 392 миң долларды түзсө, быйыл 444 325 миң долларды түзгөн.

Кыргызстан 12-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигине толук мүчө болгон. Бул уюмга Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения кирет. Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде бажы тосмолору алынганы менен казак тарап товар ташыган ишкерлерди текшерүүнү улантып келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG