Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ысык-Көлдө бүгүн дагы жер титиреди


Сейсмология институтунун маалыматында караганда, 4,5-5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн түштөн кийин саат үчтөн беш мүнөт өткөндө катталды. Анын очогу бул жолу Жетим-Бел тоо кыркаларында орун алып, Тамга айылынан түштүккө карай 42 км., Кажы-Сай шаарчасынан түштүк-чыгышты карай 50 км., Бөкөнбаевден түштүк-чыгышты карай 60 км. аралыкта өттү. Эл жашаган аймакта жер титирөөнүн күчү 3 баллга жетти.

Ушул эле аймакта бүгүн күндүзгү эки жарымдар чамасында 3 баллдык жер титирөө катталган.

Ага чейин кечээ кечки саат он жарымдар чамасында 5 баллдык жер титирөө Жалал-Абадда болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн зыяндар болгон жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG