Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Берлин: Донбасста жикчилдердин шайлоосу Минск келишимин бузат


Игорь Плотницкий

Игорь Плотницкий

Берлин Москваны Украинанын чыгышындагы жикчилдердин жергиликтүү шайлоо өткөрүү планын айыптабаганы үчүн сындады.

Мындай билдирүү менен чыккан немис канцлери Ангела Маркелдин атайын өкүлү Штеффен Зайберт Москванын унчукпоосуна өкүнүчүн билдирди.

Ушул эле күнү Германиянын Тышкы иштер министрлиги орусиячыл жикчилдердин шайлоо өткөрүү ниети Берлинде “терең тынчсыздануу” жаратарын жарыялады.

“Бул добуш берүү февраль айында Минскте жетишилген тынчтык келишимин олуттуу бузуу болуп саналат” деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын жетекчилиги өз таасирин колдонуу менен жикчилдердин шайлоо өткөрүүдөн баш тартууга көндүрө алат деп үмүттөнөт.

Буга чейин “Луганск элдик республикасынын” башчысы Игорь Плотницкий 1-ноябрда 14 шаар жана райондо шайлоо өткөрүү боюнча буйрукка кол койгону айтылган. Ал эми жикчилдердин “Донецк элдик республикасында” болсо жергиликтүү шайлоо өткөрүү 18-октябрга белгиленген.

Бул “Элдик республикалардын” лидерлери Киев Минск келишимин аткарбагын үчүн өздөрү көзөмөлдөгөн аймакта шайлоо өткөрүүнү жарыялашканын айтышкан. Украин президенти Петро Порошенко жикчилдер уюштуруп жаткан шайлоо "Донбасстагы абалды калыбына келтирүүдө бузуп-жаргыч кесепеттерге" алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Батыш лидерлери да бул шайлоолорду терс баалоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG