Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Азербайжанда таксист өзүн өрттөп жиберди


Баку
Баку

Азербайжандын Бакуга жакын Сумгаит шаарында таксист өзүн өрттөп жиберди.

Ал бул кадамга жергиликтүү полициянын “мыйзамсыз аракеттерине” нааразылык билдирип барган деп айтылууда. Бул Азербайжанда 2014-жылдан бери жетинчи жолку өзүн-өзү өрттөө фактысы.

Полиция менен прокуратуранын биргелешкен билдирүүсүндө 27 жаштагы Максад Сулейманов кечээ ооруканага жеткирилген соң бир канча сааттан кийин каза тапканы айтылат. Бирок анда таксисттин өзүн-өзү өрттөөсүнүн себеби белгисиз экени айтылган. Ал эми интернеттеги социалдык тармактарда окуяга күбө болгондордун айтканына караганда, Сулейманов өзүнө бензин куюп, өрттөөрдүн алдында жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине каршы экендигин билдирген.

Азербайжандагы бир канча ирет кайталанган мындай фактылар 2013-жылы декабрда Тоолуу Карабак чатагынын ардагери өзүн өрттөп жибергенден кийин башталган. Ал буга Тоолуу Карабак согушуна катышкандардын арасындагы массалык жакырчылыкка каршылык билдирип барганы айтылган.

XS
SM
MD
LG