Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Орусияда мурдагы офицер “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп соттолду


Москва соту
Москва соту

Москва шаардык соту ГРУ - Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицерин чыккынчылык кылган деп 14 жылга соттоду.

Геннадий Кравцов 21-сентябрдагы сот отурумунда өз кызмат абалы жана “Целлин-2” космос аппараты тууралуу маалыматтарды башкаларга берген деп айыбы угузулуп, ушул эле күнү өкүм чыкты. Соттун чечимине ылайык, анын полковник наамы да алынды.

Мурдагы офицер өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Маалыматтарда Кравцов Швециядагы кайсы бир компанияга жумушка орношуу максатында өз резюмесин жөнөткөн. Тергөө муну чыккынчылык деп баалаган. Кравцовдун адвокаты соттун чечими боюнча кийинки инстанцияга арызданарын билдирди.

Соттук материалдар жашыруун деген белги менен сакталгандыктан соттук териштирүү жабык өттү.

Геннадий Кравцовдун камакка алынганы тууралуу быйыл 6-февралда дайын болгон.

XS
SM
MD
LG