Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

НАТОнун баш катчысы Украинага келди


Украин президенти Петро Порошенко менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Львов, 21-сентябрь, 2015-жыл
Украин президенти Петро Порошенко менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Львов, 21-сентябрь, 2015-жыл

Украин президенти Петро Порошенко менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бүгүн, 21-сентябрда Львов шаарында жолугушту. Бул тууралуу украин президентинин маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылганга караганда, Порошенко менен Столтенберг 34 өлкөдөн келген куткаруучулардын эл аралык машыгуусун ачты.

Ал эми НАТОнун маалымат кызматы Столтенберг президент Петро Поршенко, премьер-министр Арсений Яценюк жана парламенттин төрагасы Владимир Гройсман менен жолукканын маалымдады.

Андан мурдарак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин НАТО баш катчысынын Украинага сапарын “маанилүү жана символикалуу” деп атаган. Анын айтымында, Столтенбергдин бул сапары учурунда НАТОнун Украинадагы толуккандуу элчилигин ачуу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG