Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Иран Парчинди МАГАТЭге ача баштады


Парчин аскерий жайынын спутниктен тартылган сүрөтү. 13-август, 2004-жыл.
Парчин аскерий жайынын спутниктен тартылган сүрөтү. 13-август, 2004-жыл.

Иран өзүнүн эң жашыруун аскерий жайы катары саналган Парчинди эл аралык инспекторлор үчүн ача баштады. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик- МАГАТЭнин башчысы Юкия Аманонун Тегерандагы сапарына тушташ Ирандан талаштуу аскерий жайынан текшерүү үчүн кыртыш үлгүлөрү алынганы белгилүү болду.

Ирандын Парчин аскерий жайына МАГАТЭ буга чейин сателиттен тартылган сүрөттөрдүн негизинде гана байкоо жүргүзүп келген. Эми агенттиктин башкы директору Юкио Амано Ирандагы сапары учурунда ал жайга жеке өзү да кире алды.

Амано МАГАТЭнин баш кеңсеси жайгашкан Венада кабарчыларга окулган билдирүүсүндө ал аскерий жайдан оңдоп-түзөөлөрдүн белгисин байкаганын, имараттын ичинен эч кандай жабдууларды көрө албаганын белгиледи.

МАГАТЭ уюмдун директорлор кеңешине өткөн айда жолдогон баяндамасында ал Парчин аскерий комплексинде 2012-жылдан бери кандай ишмердик жүргүзүлгөнүн ырастай албай турганын көргөзгөн болчу. Ал эми Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматтары Парчинде өзөктүк куралды жасоо боюнча эксперименттер жүргүзүлгөн деп шек санап келишкен.

МАГАТЭ башчысынын Тегерандагы азыркы сапары Иран менен дүйнөнүн АКШ баштаган алты ири державасынын ортосунда быйыл июлда түзүлгөн келишимдин шарттарын турмушка ашыруу катары каралууда.

Юкио Амано ал келишимге ылайык Иран аткара турган шарттар тууралуу жакында буларды айткан болчу:

- Аракеттенүүнүн биргелешкен комплекстүү планына (келишимде каралган) ылайык, Иран өзөктүк программасына байланыштуу кошумча милдеттенмелерди алды. Алар ачык-айкындуулук чаралары. Мунун алкагында МАГАТЭнин инспекторлоруна Ирандын уран кендерине, заводдоруна чектөөсүз кирүүгө, уран байыта турган жабдуу – центрифугаларды, кампалар менен өндүрүш жайларды тынымсыз байкоо жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берилиши керек. Бул өңдүү чаралар МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын кең-кесири түшүнүүсүнө жол ачат.

МАГАТЭнин баш директору Юкио Аманонун Тегерандагы азыркы сапарына тушташ Парчин аскердик жайынан текшерүү үчүн кыртыш үлгүлөр алынганы белгилүү болду.

Бирок үлгүнү МАГАТЭнин эмес, Ирандын өзүнүн адистери алган. Анткен менен агенттик Тегерандын бул жайдагы мурунку ишмердигин иликтөөдө “олуттуу прогресске” жетишкенин айтууда.

Парчиндин спутниктен тартылган сүрөтү.
Парчиндин спутниктен тартылган сүрөтү.

Юкио Аманонун ырастоосунда, кыртыш үлгүлөрүнүн Иран тараптан алынышы МАГАТЭнин стандарттарына ылайык жана уюмдун жоопкерчилиги, мониторинги алдында жүргүзүлдү.

Дүйнөнүн АКШ баштаган алты ири державасы Иран менен быйыл июлда түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын эл аралык көзөмөл алдында кыскартат, бул ага каршы киргизилген экономикалык санкциялар баскыч-баскыч менен жоюлушуна алып баруусу керек.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест МАГАТЭнин Парчин аскерий жайы боюнча кабарына түшүндүрмө берип, эл аралык кысымдын, катаал экономикалык санкциялардын артында биз Иран инспекторлор менен кызматташуусунун белгисин көрө баштадык, деп белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарында өзөктүк келишим Конгресс талкуусунан да өтөт. Конгресстин жогорку палатасы – Сенатта оппозициядагы республикачылардын келишимди четке кагуу аракетине демократтар үч ирет тоскоолдук кылууга жетишти.

Юкио Амано жана Хасан Роухани, Тегеран, 20-сентябрь, 2015-жыл.
Юкио Амано жана Хасан Роухани, Тегеран, 20-сентябрь, 2015-жыл.

Бул аралыкта Ирандын президенти Хасан Роухани америкалык телеканалга курган маегинде калктын көпчүлүгү Тегеран дүйнөнүн алты ири державасы менен кол койгон келишимди колдоп жатканын айтып чыкты.

Роухани белгилегендей, ирандыктар азыр деле АКШга ишенбейт, бирок келишим эки тараптуу мамилени оңдойт деген үмүт бар. Иран президентинин пикиринде, Вашингтон менен Тегеран ортодогу кастыкты азайтуу багытында алгачкы кадамды жасады.

Роухани ошондой эле Иран АКШ менен түрмөдөгүлөрдү алмашууга кызыкдар экенин ишара кылды. Ирандын абагында азыр АКШнын бир нече жараны, анын ичинде “Вашингтон Пост” гезитинин кабарчысы Жейсон Резаян да отурат. АКШнын түрмөсүндө да бир нече ирандык бар. Алардын айрымдары санкцияларды бузганы үчүн камалган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG