Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Биометрикалык маалымат тапшыргандар саны 2 млн. 842 миңден ашты


Биометрикалык каттоодон өткөндөр саны 2 млн. 842 миңден ашты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди. Акыркы бир жума аралыгында эле 40 миңдей жаран каттоодон өткөн.

Анын айтуусунда, биометрикалык маалымат топтоо шайлоого байланыштуу 18-сентябрдын түнүндө убактылуу токтотулган. Аталган өнөктүк 5-октябрдан тарта кайрадан жанданат.

Жарандардан биометрикалык маалымат топтоо жараяны өткөн жылдын сентябрында башталган. Кыргызстанда добуш берүү алгач ирет биометрикалык маалымат негизинде өтөт.(UEz)

XS
SM
MD
LG