Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Сирия аймагында Орусиянын 28 аскер учагы бар


Пентагондун расмий маалыматына таянып АКШ ММК 21-сентябрга карата Сирия аймагында орусиялык 28 аскер учагы бардыгын жазып чыгышты.

Алардын ырасташынча, Орусия Сирияда бүтүндөй аскердик база куруп, ар кандай операцияларды жүргүзүү аракетинде. Учурда орусиялык согуш учактарынан тышкары 15 аскердик тик учак, 9 Т-90 үлгүсүндөгү танк Сирияда жүргөнү айтылууда.

Жума күнү АКШ Коргоо министри Эштон Картер Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон сүйлөшүүсүндө Сирияда орусиялык күчтөр менен эл аралык коалициянын ыктымал кагылышынан чочулап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG