Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Алексис Ципрас Грекиянын премьер-министр кызматына киришти


Грекиянын мурдагы премьер-министри Алексис Ципрас кайрадан өкмөт башына келип, дүйшөмбү күнү ант берди. Грекияда өткөн 20-сентябрдагы кезексиз парламенттик шайлоо жыйынтыгында Алексис Ципрастын СИРИЗА партиясы утуп чыккан. Алдын ала жыйынтыктар боюнча СИРИЗА партиясын добуш берүүгө келгендердин 35,5 пайызы колдогон.

СИРИЗА 300 орундуу парламенттен 145 мандат алат деп күтүлүүдө. Анын башкы атаандашы - консерваторлордун “Жаңы демократия” партиясына 75 мандат тийиши мүмкүн.

СИРИЗА партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Алексис Ципрас эл аралык кредиторлор менен бир нече айга созулган оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматтан өткөн айда расмий чегинип, мөөнөтсүз шайлоо жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG