Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Бүгүн Бишкекте IV кыргыз-орус аймактар аралык экономикалык форум башталат. Евразия экономикалык биримдигинин кызматташтыгына арналган иш чарага катышуу үчүн Башкыртстан Республикасынын президенти Рустем Хамитов, Саратов, Оренбург, Новосибирск облустарынын губернаторлору Валерий Радаев, Юрий Берг жана Владимир Городецкий келген. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аларды мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алып, аймактар аралык кызматташтык эки мамлекеттин экономикалык жааттагы биргелешкен пландарын ишке ашырууда маанилүү роль ойнорун белгиледи.

Кыргыз-орус аймактар аралык экономикалык форуму бүгүн “Жаннат” мейманканасында өтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG