Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Президент: ЕАЭБге мүчө болгон бир айдын ичинде ишкерлик жандана баштады


Президент Алмазбек Атамбаевдин 22-сентябрдагы кыргыз-орус чөлкөмдүк жыйынына жиберген куттуктоо катында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгондон берки бир ай ичинде бажы төлөмдөрү өсүп, ишкерлик жандана баштаганы белгиленген.

Атамбаев ЕАЭБге кирүү кыргызстандык ишкерлерге жаңы базарлар ачылып, экспорттун өсүшүнө шарт түзөрүн белгилеп, “эмгек мигранттарынын акыбалы жакшырды, жакынкы арада евразиялык интеграциянын жакшы жыйынтыктарын көрө баштайбыз. Ташталган кадамдар менен алдыга койгон максаттар орусиялык бизнестин Кыргызстандагы ишин жакшыртууга бардык шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, деп билдирген.

Кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБге кирүү менен жергиликтүү өндүрүш аксай баштаганын белгилеп келишет. Тигүү тармагы, кайра иштетүү тармагы жана айыл чарба багытында иш алып барган ишкерлер азырынча ЕАЭБ жылуу эпкини сезиле электигин белгилешүүдө. Айрым маалыматтар боюнча быйылкы өндүрүш 15-20% азайды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG