Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Өзбекстанда пахтакерлерди тасмага тарткан укук коргоочу кыйноого кабылды


Ташкен облусунун Ангрен шаарында мамлекеттик мекемелерде иштеген кишилердин пахта талаасында жүргөнүн тасмага тартканы үчүн укук коргоочу Дмитрий Тихонов кыйноого кабылды.

Анын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришинче, Тихоновду 20-сентябрда ички иштер кызматкерлери 5 саат камап коюшкан. Тартип сакчылары анын видеокамерасын тартып алган. Укук коргоочуга күч колдонуп, кыйнашкан. Видеокамераны кайра беришкен эмес.

Ички иштер органдары бул боюнча үн ката элек.

Пахта улуттук байлык катары саналган Өзбекстанда күзүндө элди жапырт талаага айдоо көнүмүшкө айланган. Эл аралык коомчулук муну адам укуктарын бузуу катары сыпаттайт. (SE)

XS
SM
MD
LG