Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Жети ай ичинде кыргыз-орус соода алакасы 878 млн. долларга чыкты


Мындай маалыматты Бишкектеги кыргыз-орус чөлкөмдүк жыйында Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов ырастады.

Орусия - Кыргызстандын тышкы соода кызматташтыгындагы негизги өнөктөшү. 2015-жылдын январь-июль айларында Орусия Кыргызстандын тышкы соодасынын 27,7% ээледи, мунун ичинен 35% импорт, 6,6% экспортту түзөт.

Жети айда Орусиядан Кыргызстанга 76 млн. доллар инвестиция келген.

22-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын чөлкөмдүк төртүнчү конференциясы өтүүдө. Ага Москва жана Санкт-Петербург шаарларынын өкүлдөрү, Башкыртстандын жетекчиси, айрым облус-шаарлардын башчылары, “РосНано”, РусГидро”, “ИнтерРАО” ишканасынын жана ЕАЭБ өкүлдөрү келишкен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG