Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Өкмөт башчы партиялар акчасы коомдук көзөмөлдө болушун белгиледи


Өкмөт башчы Темир Сариев 22-сентябрдагы Коррупцияга каршы кеңештин жыйынында шайлоого чыккан саясий партиялардын каржы булактарына коомдук көзөмөл зарылдыгын белгиледи. Партиялар жарнама иштерине миллиондогон сомдорду коротуп жатышканы менен, андан бюджетке эч кандай салык төлөнбөгөнүн белгилеген премьер-министр бул жагдайды тийиштүү кызматтар текшериши керектигин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого аттанган 14 партиянын үгүт иштерине жумшаган каражаты 608 млн. 348 миң сомго жетти.

Шайлоо фондуна эң көп каражатты КСДП партиясы топтогон. Аталган партиянын үгүткө деген акчасы 103 миллион сом. “Өнүгүү-Прогресс” 101 миллион, “Республика Ата Журт” 96 миллион, “Ата Мекен” партиясы 69 миллион сом топтогон. 7 миллион сомдон бир аз ашкан акчасы менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң аягында.

Мыйзамда саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом деп белгиленген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG