Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Кыргызстанга ЕАЭБ базарлары ачык


Бул үчүн Кыргызстанга артыкчылык абалын пайдаланып ЕАЭБ базарында жайгашуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөөсү зарыл, деп белгиледи Экономика министри Олег Панкратов кыргыз-орус чөлкөмдөр аралык жыйында. Бирок өндүрүштүн кайсы тармагы Кыргызстан үчүн артыкчылык болорун министр тактаган жок. Панкратов ЕАЭБге мүчө Кыргызстанга 200 миллионго жакын керектөөчүсү бар базарга жол ачылганын белгиледи:

-Азыр ЕАЭБде товарлардын эркин жылып жүрүүсүн камсыз кылган бирдиктүү базар иштеп жатат. Анын үстүнө Кыргызстандын мыйзамдары биримдиктин мыйзамдарына шайкеш келет. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чыгарылып жаткан өнүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле аны сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта мүчө болду. Ушул күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы бекеттери алынган. Биримдикке Кыргызстан,Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG