Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

“Республика Ата Журт” жарнактарынын уурдалышы боюнча кылмыш иши ачылды


“Республика Ата Журт” партиясы Жалал-Абаддын Аксы районундагы айылдарга илинген жарнактарынын уурдалышы боюнча ички иштер кызматына кайрылды. Райондук ички иштер бөлүмү бул боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, райондун 3 айыл өкмөтүндө жана Кербен шаарында илинген 10 жарнак 20-сентябрдын түнүндө уурдалган. Мындан сырткары, партиянын Ак-Жол айылындагы үгүттөөчүсү короосундагы кышкы чөбүн бирөөлөр өрттөп кеткенин айткан.

Өткөн жумада облус аймагында “Өнүгүү - Прогресс” жана “Ата Мекен” партияларынын жарнактарынын айрылышына байланыштуу да милиция кылмыш ишин козгогон.

Бейрасмий кабарларга ылайык, жарнактарды айыл тургундары жер-жемиш кургатуу же чөптүн үстүн жабуу максатында алып кетишет. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG