Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Мекеде жапа чеккендер арасында кыргызстандыктар жок


Бул тууралуу "Азаттыкка" Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Кечээ түнү Мекеде көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, эки киши набыт болгону кабарланган. Максат Атабаевдин айтуусунда, кырсык болгонго чейин эле кыргызстандык зыяратчылар Меке шаарынан чыгып кетишкен:

-Зыяратчылар кечээ Минага келишти. Эртең Арафатка жөнөп кетишет. Баары аман экендиги такталды.

21-сентябрда болгон кырсык Мекедеги ажылык учурундагы экинчи кырсык. 11-сентябрь түнү курулуш краны мечитке кулап, 3 адамдын өмүрүн алган.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 3 685 киши кеткен. (JM/ZKo)

XS
SM
MD
LG