Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Өзгөндө автоунаага катылган бүркүт бошотулду


Бүркүт Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айлынын тургуну Сүйүнаалы Арыкбаевдин унаасынан табылган. Бул тууралуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өзгөн райондук башкармалыгы маалымдады. Аталган башкармалык Сүйүнаалы Арыкбаевдин автоунаасын текшерген учурда жүк салгычынан бүркүт табылган. Арыкбаев Административдик кодекстин 148-беренеси боюнча эки миң сомдук жазаайыпка тартылды. Ал эми бүркүт айлана-чөйрөнү жана жаныбарларды коргоо боюнча Герман биримдигинин жаныбарлардын реабилитациялык борборуна жайгаштырылды.

Бүркүт сейрек кездешүүчү жана тукум курут болуп бараткан канаттуулардын катарында Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG