Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Дүйшөмбүдө 11 жаштагы кызын күйөөгө берген эне соттолду


Дүйшөмбү шаар сотунун имараты.
Дүйшөмбү шаар сотунун имараты.

Тажик баш калаасынын соту 11 жаштагы кызын ой-боюна койбой, Кытай жаранына кыйнап күйөөгө бергени үчүн Зайнабиби Сафарова аттуу аялды 29 жыл 8 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн аталган соттон "Азаттыктын" тажик кызматына кабарлашты. Тергөөнүн маалыматына караганда, соттолуучу 2010-жылы Дүйшөмбүдөгү батиринде 11 жаштагы кызын Кытайдын 35 жаштагы Абулажан Абулайти аттуу байгер жаранына күчтөп күйөөгө узаткан. Көп узабай кыздын боюна бүтүп, бирок энеси күйөө баласы менен сүйлөшүп, Дүйшөмбүнүн 1-төрөт үйүндө түйүлдүктү алдырткан. Мындан сырткары ал кытайлык күйөө баласынын жардамы менен алты тажик жана кытай ишкеринин ишенимине кирүү менен бир миллион доллар алып, бирок кайрып берген эмес.

Сот Сафарованы Кылмыш кодексинин тогуз жылдык жалпы билим алууга тоскоолдук кылган, бойго жете элек кызды турмушка чыгарган жана ири өлчөмдө алдамчылык кылган деген беренелери боюнча айыптуу деп таап, 29 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратты. Кытайлык күйөө бала Абулажан Абулайти болсо жашы жете элек кызга үйлөнгөнү жана зордуктоого барганы үчүн айыпталып, 18 жылга кесилди.

XS
SM
MD
LG