Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Жалал-Абадда жаштар партияларды шайлоодон кийин чыр чыгарбоого чакырды


Жалал-Абадда активист жаштар чогулуп, шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу кабыл алышты. Анда добуштар саналгандан соң утулуп калган тарапты чыр чыгарбоо өтүнүчү жазылган. Демилге аймактагы “Жалал-Абад жаштар коомуна” таандык. Уюмдун төрайыма Санрабия Сатыбалдиева билдиргендей, алардын бүгүнкү жыйынына парламенттик шайлоого ат салышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарында иштегендер да чакырылды.

Жыйында шайлоону ачык-айкын өткөрүү жана добуштарды сатып алууларды токтотуу өңдүү маселелер да талкууланды. (RsK)

XS
SM
MD
LG