Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Роухани Иран армиясы "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшкө даярдыгын айтты


Иран президенти Хасан Роухани өлкөнүн армиясы аймактагы террорчуларга каршы эң ишенимдүү күч экенин билдирди. 22-сентябрда жыл сайын Тегеранда өтчү аскердик парадда сүйлөгөн Роухани Иран армиясы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөштө Ирак менен Сирияга көмөктөшүүгө даяр экенин, бирок Тегерандын башка өлкөлөрдү басып алуу ниети жоктугун айтты. "Эгер аймакта террорчулардын таасири арта берсе, Иран армиясы менен Революциялык гвардия гана аларды токтото турган жалгыз күч болот", - деди Хасан Роухани.

Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр "Батыш мамлекеттери коргойт деп ишенип албоого тийиштигин" эскертти.

Иран буга чейин ИМ согушкерлерине каршы күрөшкө көмөктөшүү үчүн Сирия менен Иракка аскерий кеңешчилерин жиберген. Ирак менен Сириянын бир канча бөлүгүн ээлеп алган "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы азыр АКШ баштаган коалициялык күчтөр күрөш жүргүзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG