Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Окуучунун өлүмүнө байланыштуу мектеп жетекчилиги иштен алынды


Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жумгалдагы Султан Турусбек уулу атындагы орто мектептин директору Гүлнара Атантаева, окуу бөлүмүнүн башчысы Элмира Бердигулова, тарбия иштери боюнча завуч Чынара Орозканова жана соцпедагог Элмира Өмүрова иштен алынышты. "Мындан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлерине да чаралар көрүлөт" деп айтылат министрликтин маалыматында. Ал эми Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев мектеп жетекчилиги жана мугалимдер өздөрүнүн арыздарынын негизинде иштен алынышты деп “Азаттыкка” кабарлады.

Билим берүү жана илим министрлиги ошондой эле жаңы окуу жылы башталгандан бери мектеп жетекчилеринин жана окутуучуларынын тарбиялык ишмердүүлүгүн текшерүү күчөтүлгөнүн маалымдайт. Мунун алкагында класстык сааттарды өтүүдөн тартып, окуучулар менен баарлашуу, мектептин айланасын текшерүүгө чейинки иш-чаралар бар.

19-сентябрь күнү Жумгалдын Көк-Ой айлындагы орто мектепте 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучусунан көкүрөк тушуна муш жеп, каза болгон.

Андан мурдараак Бишкекте 10-11-классынын окуучулары мушташып, үчөө бычак жеп, ооруканага жаткан эле. 21-сентябрда Бишкектеги №27 кесиптик лицейдин окуучулары мушташып, 18 жаштагы Марат уулу Кайрат бычак жеп, каза болгон. (ZKo/MiK)

XS
SM
MD
LG