Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Өзгөндө мектеп директору КСДПны колдобогону үчүн иштен кеткенин айтууда


Оштун Өзгөн районундагы Жылалды орто мектебинин мурдагы директору Бүалима Орозова райондук бийлик айткан саясий партияны колдобой, башка партияга добуш берерин билдиргени үчүн жумуштан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орозова өзү билдирди:

- Райондук бийлик КСДПны колдойсуңар, болбосо иштен кетесиңер деди. Айла жок, кызматымды тапшырып, иштен бошодум.

Орозованын айтуусунда, Жылалды орто мектебинин жамааты мурдагы бүтүрүүчүсү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерлеринин тизмесинде тургандыктан, бул партияны колдорун билдиришкен.

Райондук Билим берүү башкармалыгы мектеп жамаатына кысым көрсөтүлдү деген маалыматты төгүндөп, Орозова пенсия жашына келгендиктен, өз каалоосу менен иштен кеткенин айтууда.

Ал эми Өзгөн райондук акимчилиги азырынча буга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG