Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Багдаддагы чабуулдар 17 өмүрдү алды


Ирактын баш калаасындагы 4 жардыруудан 17 киши мерт болду. Өлкө бийлигинин маалыматына ылайык, кечээ Багдаддын чыгышында шийилер байырлаган Амин районунда дүрмөттөлгөн машина жарылганда 12 киши каза тапты, 42 киши жараланды. Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” радикал тобу жоопкерчилик алды.

Дагы 2 киши шиийлердин Шааб чөлкөмүндө мина жарылганда окко учту, жетөө жарадар болду. Сунилердин Латифия районунда 2 киши ажал тапты. Төртүнчү теракт аль-Машад конушунда аскер кайгуулу өтүп бараткан кезде болуп, бир жоокер мерт кетти.

Батыштагы ал-Шула чөлкөмүндө карапайым бир нече киши ракетанын жарылуусунан жараат алды. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким албаганы менен, Багдаддын аскер командачылыгы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлерин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG