Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Кыргызстанга жөнөтүлгөн 50 тонна кытай балыгы Орусияда кармалууда


Орусиянын Тверь жана Псков облустарынын ветеринардык, чек ара көзөмөл кызматы Кытайдан Кыргызстанга темир жол аркылуу ташылып келаткан 48,5 тонна балык консервасын токтотуп коюшту. Мындай кабарды аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, товардын ветеринардык, фитосанитардык тастыктамалары туура эмес болуп чыккан. Азырынча Айыл чарба министрлиги бул факт боюнча түшүндүрмө бере элек.

Август айында Орусия Кыргызстанга жөнөтүлгөн 72 миң тонна дары-дармекти кармап, кийинчерээк кое берген.

12-августтан бери ЕАЭБ тышынан келген товарларга уюмдун бирдиктүү бажы төлөмү алынат.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG