Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Чет өлкөдөгү жүз миңдеген жарандар шайлоо укугунан ажырады


Бул тууралуу “Замандаш” бирикмесинин координатору Азамат Айтбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын көбү биометрикалык маалымат тапшыра алган эмес. Мындан улам 4-октябрдагы шайлоо укугунан ажырап калышты.

Биометрикалык маалыматты Орусиядагы 600 миң чамалуу жарандын он миңи, Казакстандагы 50 миңге жакын мигранттын 1700дөйү, Америкадагы 20 миңден ашуун кыргыздын 600 чактысы гана тапшырган.

БШК буга чейин чет өлкөлөрдө 36 добушкана ачылганын билдирген. Мааалыматка ылайык, Орусияда 8, Казакстанда 3 добуш берүү пункту болот. Бейрасмий маалыматтарда Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө жүргөн эмгек көчмөндөрүнүн саны миллионго чамалайт.(UEz)

XS
SM
MD
LG