Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Токтонасыров парламент алдындагы акциясын баштайт


Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үй алдына акцияга чыгып, бир айдан бери ишке чыкпай жаткан парламентти уяткарат. “Азаттыкка” акциянын жөн-жайын Токтонасыров өзү билдирди.

Жарандык активист акцияда кемпирдин кийимин кийип, “айланайын балдарым, элди шылдыңдабай ишке чыккылачы” деген жазууларды көтөрөрүн айтууда. Токтонасыров буга чейин эки ирет акция өткөргөн, бирок Жогорку Кеңеш депутаттары ага эч кандай маани берген эмес.

Парламент депутаттары жайкы эс алуудан кайтканына карабай, 1-сентябрдан бери Жогорку Кеңештеги жыйындарга толук келбей жатышат. Анын эки жолку жыйыны кворум болбогондуктан үзгүлтүккө учураган.

Азыркы курамдагы 120 депутаттын 90дон ашууну парламенттик шайлоого аттанышкан. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG