Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Өкмөт күндөн энергия алуучу электр станцияларын Чүйгө курат


Индиядагы күн менен иштеген электр станция
Индиядагы күн менен иштеген электр станция

Облустун Панфилов районунда бул үчүн атайын 70 гектар жер бөлүнүп берилген. Долбоордун жалпы суммасы 64 млн. доллар турат, андан алынуучу электр энергиянын кубаты 30 мВт болот. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Туратбек Жунушалиев бүгүн интеграциялык жараяндарга арналган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Жунушалиевдин айтуусунда, бирок мындай жол менен алынган электр энергиясынын өздүк баасы бир топ кымбатка турууда, болжол менен 1 кВт саат электр энергиясы 30 сомдун айланасында болот.

Өкмөт азырынча күндөн энергия алуучу электр станцияларын жеке инвесторлордун акчасына курууну көздөөдө.

Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 700 кВт саатка чейин 84 тыйын, андан көп жагылган учурда 2 сом 20 тыйын турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG