Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

“Ислам мамлекети” тобунун сексуалдык кулчулукту уюштуруучусу жок кылынды


Пентагондун маалыматына караганда, Абу Бакр ал-Туркмани коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү Тал Афар шаарында жок кылынды.

Ал Ирактагы езид азчылыгынын аялдарын сексуалдык кулчулукка мажбурлоо ишин уюштурган адам катары белгилүү болчу. “Ислам мамлекети” тобуна кошулганга чейин “ал-Каиданын” катарында жүргөн.

Пентагондун басма сөз катчысы Петер Кук Абу Бакр ал-Туркманини “Ислам мамлекети” тобунун “административдик эмири” деп атады.

Былтыр“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери негизинен Ирактын түндүгүндөгү Синжар аймагында жашаган езид азчылыгына кыргын салып, алардын оң миңдегендерди качууга аргасыз болгон.

Миңдеген кыздар менен аялдар сексуалдык кулчулук үчүн туткундалган.

Улуттар уюму бул диний азчылык жамаатка каршы жасалган кылмыштар геноцидге барабар болушу мүмкүндүгүн билдирген.(UE)

XS
SM
MD
LG