Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:52

Керри Орусия менен Иранды Сирия боюнча жардам берүүгө чакырды


Жон Керри.

Жон Керри.

АКШ Мамлекеттик катчысы 22-сентябрда Вашингтондон билдиргендей, Кошмо Штаттар Сирия президенти Башар Асаддын бийликтен кетишин караган тынчтык келишимди колдоочулар менен диалогко даяр.

Ал Асаддын башкы союздашы - Орусия менен Иранды Сирияда төрт жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерде жардам берүүгө үндөдү.

Жон Керринин айтымында, Орусия ушу тапта Сирияда жайгаштырып жаткан учактардын түрү жана деңгээли Латакия аба базасындагы өз аскерлерин коргоо менен байланыштуудай көрүнүп турат.

Бирок, Орусиянын Сириядагы түпкү максаты азырынча ачык эмес.

Кошмо Штаттар буга чейин Орусия Сирияда аскерий кубатын чыңдап жатышына терең тынчыздануу билдирип, ал Асаддын өкмөтүн колдоону көздөйбү деп шек санаган.

Москва анын максаты - узактан берки өнөктөш катары Сирияга “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө жардам берүү деп ырастоодо.

Орусия “ИМ” тобуна каршы АКШ баштаган коалиция да Асаддын өкмөтү менен кызматташуусу керек деп эсептесе, Вашингтон Асадга коалицияда орун жоктугун айтып келет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG