Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Кытай президенти АКШдагы сапарын баштады


Кытай президенти Сиэтлде. 22-сентябрь, 2015-жыл.

Кытай президенти Сиэтлде. 22-сентябрь, 2015-жыл.

Cи Цзиньпин АКШдагы биринчи мамлекеттик визитин өлкө батышындагы Вашингтон штатынан баштады. Ал эки күн боюу Сиэтл шаарында бизнес жана технологиялык компаниялардын лидерлери менен жолугат. Андан соң борбор Вашингтонго президент Барак Обама менен сүйлөшүүлөр үчүн келет.

Сүйлөшүүлөрдөгү негизги темалардын бири киберкоопсуздук болору күтүлүүдө.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сьюзан Райстын айтымында, кытайлыктардын АКШдагы компьютердик түйүндөрдү бузуп кирүүсү эки тараптуу алака-катышка көлөкө түшүрүп жатат.

Бирок Бээжин АКШ фирмаларына каршы мамлекет колдогон хаккерлик деп ырастап келет.

Бээжиндин Түштүк Кытай жана Чыгыш Кытай деңиздери боюнча Азиядагы коңшуларын чоочуткан аймактык мүдөлөрү да сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде болот.

Кытай лидеринин Кошмо Штаттарга азыркы сапары дүйнөнүн экинчи ири экономикасынын өсүш ыргагы басаңдап, андан чийики затка болгон суроо-талап төмөндөйбү деген тынчыздануулар жаралган учурга туш келди.

Си Цзиньпин Вашингтондорн кийин Нью-Йоркко барып, 28-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөйт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG