Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Мамлекеттик тил комиссиясы өзбек тилиндеги жарнактар боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылды


Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Медер Аким уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, саясий партиялардын үгүт иштери жазылган жарнактардын бир гана тилде жазылуусу Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 27-беренесине каршы келет:

-Мыйзам боюнча жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилде берилиши керек. Ошондой эле үчүнчү бир тилде да жазууга уруксат берилет, бирок сөзсүз түрдө мамлекеттик тилде да котормосу коштоп турушу керек. Эки тилдеги сөздөрдүн тамгаларынын өлчөмү бирдей болсун деген да талап бар.

Ушундан улам Мамлекеттик тил комиссиясы Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттикке, Ош облустук администрациясына жана Ош шаардык мэриясына кайрылуу жолдоп, бул мүчүлүштүктөрдү жоюуну талап кылган.

Айрым саясий партиялар үгүт иштерин өзбек тилинде кыргызча котормосуз жазганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси бул маселе боюнча БШКга кайрылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG