Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Донбасс боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады


Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгөрүүнүн саясий маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы майнапсыз аяктады.

ЕККУ уюмунун үч тараптуу байланыш тобундагы өкүлү Мартин Сайдик өзүн өзү жарыялаган “Донецк жана Луганск элдик республикаларынын” жетекчилеринин Донбасстагы шайлоого байланыштуу расмий Киев менен мунаса табууну көздөбөгөнүнө терең өкүнүч билдирди.

“Элдик республикалардын” жетекчилери буга чейин Донецк менен Луганскта жергиликтүү шайлоолорду 18 –октябрда жана 1-ноябрда өткөрүү жөнүндө жардык чыгарышкан.

Үч тараптуу байланыш тобунун Минсктеги жыйынында жикчилер шайлоонун өздөрү койгон мөөнөтүнөн баш тартпай турганы ачыкталды.

Расмий Киев болсо шайлоо добуш берүүнүн бирдиктүү күнү - 25-октябрда өтүшү керек деп эсептейт. Жикчилердин мындан баш тартышын Киев Минск тынчтык келишиминин шарттарын бузгандык катары сыпаттоодо. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG