Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

“Ата Мекен” менен “Тазалык” ортосундагы келишим жокко чыгарылды


Бишкектеги райондор аралык сот “Ата Мекен” партиясынын калаага үгүт жарнактарын илүү боюнча “Тазалык” ишканасы менен түзгөн келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бакыт Анарбеков билдирди.

4-сентябрда парламенттик шайлоого үгүт башталгандан соң “Ата Мекендин” жарнактарын мэрия алдырып салган. Буга ортодо түзүлгөн келишим мыйзамсыз экендигин негиз кылып көрсөтүшкөн. Нааразы болгон “атамекенчилер” сотко кайрыларын билдиришкен эле.

Борбордук шайлоо комиссиясы да бул маселени карап, мэриянын аракетин мыйзамсыз деп тапкан жана мэрияны үгүт жарнамаларын кайра ордуна алып келип илүүгө, кеткен чыгашаны төлөп берүүгө милдеттендирген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG